�МИТ факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары� Сатибай уулу Бектурсундун �2022-2023-окуу жылы үчүн тарбиялык иштеринин отчету
Аткарылган иш-чаралар:
Уюштуруу иштери
2022-жылдын 1-сентябрында «Билим күнү» белгиленип, 1-курсттарга кураторлор тарабынан танышуу чогулушу өткөрүлдү.
Абитуриенттер менен жолугушуу
2023-жылдын 25-май күнү Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинде Кара-Кулжа районунун Жийде айылынын Жийде орто мектебинен келген 7-10-класстын окуучуларына факультеттин студенттик кеңеши тарабынан университетти тааныштыруу жана кесиптик багыт берүү иштери жүргүзүлдү окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышты.
� Маданий-эстетикалык иш-чаралар
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү
2022-жылдын 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган “Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын уул-кызын чагылганга” аталышында иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө дил баян конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйлык менен сыйланып, кызыктыруучу белектерге ээ болушту.
2022-жылдын 5-октябрь күнү "Мугалимдер күнүнө" карата уюштурулган мугалимдерди куттуктоо салтанаты болуп өттү. Иш-чарада факультеттин таланттуу студенттери өз өнөрлөрүн көрсөтүп, мугалим эжей-агайларга жагымдуу маанай тартуулашты.
Мугалимдер күнү
2022-жылдын 28-октябрь күнү “Декан менен бир саат” аттуу иш-чаранын алкагында МИТ факультетинин деканы менен студенттеринин арасында жолугушуу болуп өттү.
Декан менен бир саат
2022-жылдын 22-ноябрь күнү студенттер күнүнө карата «Кандай сонун студенттик күндөр ай!» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Ошондой эле спартакиаданын катышуучулары жана факультеттин активдүү студенттери диплом менен сыйланышты.
Студенттер күнү�
Тамашоу
2022-жылдын 6-декабрь күнү ОшМУнун факультеттер аралык "Шайыр тапкычтар" аталышында тамашоу оюн өткөрүлүп, ага университеттин факультет, колледждеринен 15 команда катышып, МИТ факультетинин Ideal командасы мыкты оюн көрсөтүп, диплом менен сыйланышты.
2022-жылдын 16-декабрь күнү Адабият күнүнө карата факультеттин студенттик кеңеши жана кыргыз тили мугалимдери менен биргеликте “Айтматов-кыргыз сыймыгы” аталышында иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада студенттер өз өнөрлөрүн тартуулап, обондуу ыр, сахналык көрүнүш менен коштолду жана активдүү студенттер грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.��
Адабият ааламы
2022-жылдын 20-декабрь күнү Декандык бал-2022 салтанаты болуп өттү. Факультеттеги окуунун мыктылары жана факультеттин активисттери диплом менен сыйланышты жана кеченин ханышасы жана ханзаадасы табылды.��
Декандык бал-2022�
2023-жылдын 22-февраль күнү факультеттин окутуучу агайларын жана студент мырзаларын Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоо иш-чарасы болуп өттү.�
Ата-Мекенди коргоочулар күнү
2023-жылдын 22-февраль күнү факультет-коллеждер арасында өткөрүлгөн “ОшМУ мырзасы-2023” кароо-сынагына МИТ факультетинин атынан ИСТ(б)-2-19 тайпасынын студенти Амираев Иманбек катышып, факультеттин намысын коргоду.�
ОшМУ мырзасы-2023�
2023-жылдын 7-март күнү факультеттин окутуучу эжекелерин жана студент кыздарын�Аялзатынын эл аралык майрамы менен куттуктоо иш-чарасы болуп өттү. �“Китеп окуу” боюнча конкурстун жана айымдар арасында өткөрүлгөн акыл ордо таймашынын жеңүүчүлөрүн диплом менен сыйланышты.�
8-МАРТ – Аялдардын эл аралык күнү
2023-жылдын 18-март күнү Нооруз майрамына карата кафедралар арасында уюштурулган “Улуттук кийимдер жана даамдар” аталышындагы жарманке жана “Кыз-жигит сармердени” оюну болуп өттү. �Жарманкенин жыйынтыгында:�“Мыкты куратор” Замирбек к. Наргиза�“Мыкты дасторкон” ИСП кафедрасы �“Мыкты улуттук кийим” КМИГД кафедрасы � Сармерден Манас айтуу, обондуу ыр, бий жаңылмач, макал-лакап менен коштолду. � Жыйынтыгында катышуучулар диплом менен сыйланышты. �
Кыз-жигит сармердени
2023-жылдын 20-май күнү “Бүтүрүүчү-2023” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Факультеттин активисттери, окуунун мыктылары диплом жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Бүтүрүүчү-2023
Студенттерди патриоттуулукка жана идеологиялык баалуулуктарга тарбиялоочу жана интеллектуалдык
иш-чаралар
2022-жылдын 18-сентябрь күнү МИТ факультетинин студенттик кеңеши тарабынан жарыяланган "МИТФдан Баткен элине жардам" акциясынан топтолгон каражатка толугу менен тамак-ашка керектелүүчү азыктар, ОшМУнун алдында ачылган штабка өткөрүлүп берилди.
Баткенге жардам �
Кыргыз Республикасында өткөрүлүп жаткан “Тазалыктын дүйнөлүк күнү” экологиялык акциясынын негизинде Ош мамлекеттик университетинде 2022- жылдын 8-октябрында саат 9:00-12:00 дө уюштурулган ишембиликке факультетибиздин:�ФМОМ(б)-1-21�ПМИ(б)-1-21�ПОВ(б)-1-21�тайпалары жана студенттик кеңеши катышып, Навои парктын айланасын тазалашты. �
Ишембилик
2022-жылдын 3-декабрь күнү «Келечек» балдар үйүнө барып, балдардын көңүлүн көтөрүп, балдарга түрдүү белектер берилди. Балдар үйүнүн тарбиячысы факультеттин студенттерине жана окутуучуларына ыраазычылык билдирди.
Мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнү�
2022-жылдын 7-декабрь күнү жылуулук акциясын уюштуруп, “Ош тазалык муниципиалдык ишканасынын” кызматкерлерине эрте мененки жумуш учурунда ысык чай, кофе, шириндиктер жана жагымдуу маанай тартууланды.
Жылуулук акциясы�
2023-жылдын 6-апрель күнү “Жүрөктөн-жүрөккө” кайрымдуулук акциясынын негизинде МИТ факультетинин жалпы жамааты жана кайрымдуу студенттеринин көмөгү менен Ош шаарында жайгашкан “Боорукердик” үй-интернатына тамак-аш, белектер жана жагымдуу маанай тартууланды.�
Жүрөктөн-жүрөккө кайрымдуулук акциясы
Интеллектуалдык иш-чаралар�
Факультеттин студенттик кеңеши тарабынан 2-декабрь күнү жаштарды китеп окууга, өз алдынча изденүүгө жана креативдүү ойлонууга үндөө максатында “Акыл-таймаш” интеллектуалдык таймашы болуп өттү. �«Акыл таймаш» 3 тур менен өтүп, жыйынтыгында «Мыкты оюнчу» номинациясы жана 1-2-3-орундарга алкыш баракчасы берилди. “Мыкты оюнчу” номинациясы боюнча:�1-орун Жаныбеков Орунбай АС(б)-1-22 �2-орун Ысаков Кутман ПИ(б)-1-22�3-орун Мирланбек уулу Бекаман ПИА(б)-1-22 ��
Акыл таймаш�
Жатаканада жүргүзүлүүчү тарбиялык иш-чаралар
Жатаканада жашаган студенттердин саны
№ | Курсу | Саны |
1 | 1-Курс | 30 Студент |
2 | 2-Курс | 16 Студент |
3 | 3-Курс | 11 Студент |
4 | 4-Курс | 18 Студент |
| Жалпы саны: | 75 |
2022-жылдын 30-ноябрь күнү №1-студенттик жатаканага барып, андагы студенттердин жашоо шартынан, абалынан кабар алып кайтышты.
Жетекчи студенттик жатаканада
Студенттик кеңештин мүчөлөрү менен биргеликте № 1-студенттик жатаканага үзгүлтүксүз барып, факультетибиздин студенттери менен жолугушуу өткөрүп, жатаканадагы жашоо абалы боюнча маалымат алуудабыз.
Жатаканада жүргүзүлүүчү тарбиялык иш-чаралар
Массалык маалымат каражаттары менен байланышкан
иш-чаралар
2022-жылдын 3-октябрь күнү ОшМУнун Жаштар бизнес паркында МИТ факультетинин студенттери үчүн бизнес долбоор жазуу жана аны ишке ашыруудагы аракеттер боюнча семинар өткөрүлдү.
Бизнес-тренинг
2022-жылдын 5-октябрь күнү КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу жарандык адистердин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедрасынын адистери менен “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” деген темада семинар-тренинг өткөрүлүп, факультетин студенттери катышып, маалымат алышты.
Адис менен жолугушуу
2023-жылдын 26-апрель күнү Ош ШИИБ боюнча Милициянын Кайгуул Кызматы бөлүмү жана Ош Шаардык Прокуратурасы менен биргеликте Ош Мамлекеттик Университетинин МИТ факультетинин студенттерине жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана аларды болтурбоо максатында атайын жолугушуусун өткөрүштү.
Адис менен жолугушуу
�Спорттук жана массалык иш-чаралар
2022-2023-окуу жылынын 13-14-15-16-17-18-октябрь күндөрү 20-сентябрь Эл аралык спорт күнүнө карата Ош мамлекеттик университинин факультеттеринин 1-курстары аралык спартакиада болуп өттү.
Спартакиадага факультеттин 1-курсунун студенттери катышып, факультеттер арасында 1-орунду багындырышты.
Баскетбол кыздар командасы-1-орун.
Стол тенниси кыздар командасы-1-орун.
Стол тенниси балдар командасы-1-орун
Шахмат кыздар командасы-1-орун
Тогуз коргоол балдар командасы-1-орун
Волейбол кыздар командасы-2-орун.
Волейбол балдар командасы-3-орун
Узундукка чуркоо кыздар командасы-3-орун
Узундукка чуркоо балдар командасы-3-орун
СПАРТАКИАДА
2023-жылдын, 10-март күнү факультеттин студент мырзаларынын арасында спорттун волейбол түрү боюнча декандын кубогу болуп өттү. Мында, 1-4-курстардын студенттери жана студенттик кеңештин мүчөлөрү катышып, төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө ээ болушту:
1-орун 1- курс, ИСТ(б)-1-22� 2-орун 3-курс � 3-орун студенттик кеңеш
4-орун 1-курс, ПИЭ(б)-1-22
Декандын кубогу
Куратордук иштердин жүргүзүлүшү
Окуу жылынын башында факультет боюнча бардык кураторлор куратордук иш пландарды түзүшүп, бекиттиришкен. Ар бир группанын сабак жадыбалдары түзүлүп, кураторлор тайпасы менен тыгыз иштешкен, алардын тарбиясына, жүрүм-турумуна багыт берип, студенттерди кайрымдуулукка тарбиялоочу иштер менен алектенген кураторлорубуз көп. Ошондой эле кайрымдуулук иш-чарасы менен Кочконбаева Буажар, Мырзакматова Зияда эжекелердин ИСТ(б)-1-20, ИСТ(б)-2-20 куратордук тайпалары ОшМУнун аялдар кеңешинин төрайымы Сейитказыева Гулнара эжекебиздин жетекчилиги астында «Балдар үйүнө» кайрымдуулук иш чарасын өткөрүштү.���������
МИТ факультетинин күндүзгү окуу бөлүмүндөгү куратордук тайпаларга төмөндөгү окутуучулар бекитилген����������
Куратордук сааттардын протоколдору
Контракттан женилдик алгандар (Баткен окуясы боюнча)
SWOT анализ
Күчтүү жактары | Алсыз жактары |
1. Старосталар менен жума сайын жолугушуу өткөрүү; 2. Студент, жаштардын көйгөйлөрүн талдоону жана тарбия иштерин уюштурууну жана координациялоону жүзөгө ашыруучу көз карандысыз түзүмдүн (жаштар кенешинин) болушу; 3. Студенттик өзүн-өзү башкаруунун учурдагы каада-салты жана калыптандыргын иш-чаралардын болушу; 4. Белгилүү бир багыттар боюнча тарбия ишинин топтолгон тажрыйбасы; 5. Социалдык-психологиялык жардам кызматынын жеткиликтүүлүгү; 6. Коомдук жана спорттук иш-чараларга студенттерибиздин жогорку деңгээлде активдүү катышуусу. | 1. Дене тарбия жана спорт үчүн материалдык-техникалык база жетишсиз (кышта өткөрүүчү спорт аянтчанын жоктугу); 2. Куратор менен тайпанын байланышынын жакшы эместиги; 3. Финансылык жактан официалдуу камсыз болбогондугу; 4. Музыкалык аспаптарды арендага алып иштетуу; 5. Студенттер үчүн иш-чараларда колдонулучу тиешелүү формалардын жоктугу. |
Мүмкүнчүлүктөр | Коркунучтар |
1. Ош шаарынын тарыхый жана маданий мурасы студенттерде патриоттуулукту, жарандык аң-сезимди, руханийликти, тарыхый, маданий, табигый мурастарды сактоого жооптуу мамилени калыптандыруу үчүн түгөнгүс потенциалды камсыз кылат; 2. Шаардын социалдык-маданий мейкиндигине университет колдоно турган билим берүүчү потенциалы чоң мекемелер кирет; 3.Студенттерди кайрымдуулук фонддорунун, форумдарынын ишине кошуу, ыктыярдуу иштөө алардын жашоо баалуулуктарын, толеранттуулугун жана баарлашуу маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт; 4. Бүтүрүүчүлөрдүн ар түрүү тармактарда иштеши. | 1 Түрдүү месенджерлердин жаштарга тийгизген терс таасирлери; 2. Фэйк информациялардын жаштарга тийгизген тез жана терс таасири; 3. Ишке орношуп алып, сабакка катышпагандыгы (адистик боюнча предметтерди окубай калышы). |
Жогоруда берилген маалыматтардын, тыянактардын, жарыш сөздөрдө айтылган сунуштардын негизинде Окумуштуулар кеңеши ТОКТОМ кылат:�1. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары Сатибай уулу Бектурсундун 2022-2023-окуу жылы ичинде жүргүзүлгөн тарбия иштери боюнча билдирүүсү эске алынсын; �2. Факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын окутуу процессинде студенттердин жүрүм-турумун, адеп-ахлагын, кийинүү маданиятын калыптандыруу жагына көңүл буруу талап кылынсын;�3. 2022-2023-окуу жылындагы кураторлордун тарбиялык иш-чараларында студенттердин социалдык инсандык жана жалпы маданий компетенцияларын калыптандыруу жагы кураторлордун планында чагылдырылсын жана куратордук сабак өтүү толук ишке ашырылсын;�4. Студенттер тарабынан сунушталган иш-чаралар, демилгелер колдоого алынсын жана ал иш-чаларды өркүндөтүү жагы кураторлорго жана факультеттин декандын тарбиялык иштери боюнча орун басары Сатибай уулу Бектурсундун жүктөлсүн.�5. Кесипке багытталган иш чарадарды кучотуу.�� Отчету канааттандырарлык деп табылсын.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!