долбоорунун "Жаңы конуштарда жашаган аялдар үчүн жумуш табуу/киреше көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" программасына кош келиңиз!
Урматтуу айымдар, АРАКЕТ долбоорунун "Жаңы конуштарда жашаган аялдар үчүн жумуш табуу/ киреше көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" программасынын алкагында өтүүчү жумуш табууга жана ишкердик баштоого көмөк көрсөтүүчү инсандык өнүгүү окутуулары башталат.
Эгер Сиз, Ош шаарынын жанындагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу болсоңуз, жана өзүңүздү өнүктүрүүнү, жумуш менен камсыз болууну/ишкердик баштоону кааласаңыз, анда "Аракет" долбоорунун катышуучусу болууга чакырабыз!
Тандоо талаптары:
- 18 жаштан жогорку айымдар;
- Ош шаарынын Алай 1, Алай 2, Эдельвейс жаңы конуштарынын, Манас-Ата кичи-районундагы жатаканалардын жашоочусу;
- өзүн өнүктүрүүгө, окутууларга жана башка иш-чараларга активдүү катышууга даяр.
Толтурулган өтүнмөлөр 2025-жылдын 24-февраль күнүнө чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат үчүн, байланыш телефону: 0773100779
"АРАКЕТ" долбоору Швейцария өкмөтүнүн каржылоосу менен GFA Consulting group (Германия) мекемеси тарабынан Кыргызстандагы шериктеш жарандык уюмдары алардын ичинде "MSDSP KG" коомдук фонду менен биргеликте аткарылып жатат.