Гендердик-сезимтал журналистика боюнча тренингге катышуу формасы

“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү долбоору  Талас облусунун журналисттерин, блогерлерин, журналисттик ассоциацияларынын өкүлдөрүн гендердик сезимтал журналистика боюнча 1 күндүк тренингге катышууга чакырат.

2023ж. 4-сентябрда, саат 9.00дөн 18.00гө чейин Талас шаарында, "Канат-Ата" конференц-залында  өтөт.

Тренинг ЖМКнын материалдарында терс гендердик стереотиптердин жана бир жактуулуктун таралышына жол бербөө, ошондой эле гендердик маселелер боюнча материалдардын сапатын жогорулатуу жана тематикасын кеңейтүү максатында өткөрүлүүдө.

Тренингке катышуу үчүн  төмөнкү форманы 2023ж. 2-сентябрдын саат 18.00гө  чейин  толтуруп жиберүү зарыл.

Катышуучулардын саны чектелген!!! Жалпысынан 30 катышуучу тандалып алынат. Тренингге катышуу  үчүн калоочулар менен  2023 ж. 3-сентябрга чейин уюштуруучулар байланышат. Катышуучулардын жол кире жана  тамак-ашы уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.

Анкетаны толтуруу боюнча суроолор үчүн, Жибек Алымбаевага кайрылыңыздар: +996555814629(тел./WA), alymbaevajibek1005@gmail.com .

_____________________________

“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү ” долбоору «Социалдык технологиялар агенттиги» КБ жана “Социологиялык, саясат жана социо-психологиялык изилдөөлөр” КБ тарабынан Европалык Биримдиктин  финансылык колдоосу менен  ишке ашырылууда. 

Долбоордун негизги максаты  аялдарга, жаштарга жана балдарга карата зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, ошондой эле жеткиликтүү, көз карандысыз жана сапаттуу ресурстары бар, анын ичинде калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү жана өнүктүрүү жаатындагы негизги милдеттер болуп саналган, адам укуктары жаатындагы күн тартибине жарандардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн жана жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

Sign in to Google to save your progress. Learn more
Аты жөнүңүз
Сураныч, атыңызды жана фамилияңызды толук жазыңыз
*
Жынысыңыз
Сураныч, бир вариантты тандаңыз
*
Канча жаштасыз?
Сураныч, жашыңызды көрсөтүңүз
*
Жашаган жериңиз? (Сиз жашаган шаарды/районду, айылды жазыңыз)
*
Окуутуунун тили
Тренинг учурунда кайсыл тилде окууну каалайсыз
*
Кайсыл жалпыга маалымдоо каражатынын (ММК) өкүлүсүз?
Сураныч, сиз иштеген ЖМКнын атын, сайттын шилтемесин жазыңыз. Эгерде сиз блогер болсонуз, анда сиз башкарган шилтемени/баракчаны көрсөтүңүз
*
Сиздин кызматыңыз?
Сураныч, ЖМКда ээлеген кызматыңызды жазыңыз
*
Буга чейин гендердик тематикадагы тренингдерге катышкансызбы?
*
Гендердик тематикада материалдарды жазуу/даярдоо боюнча тажрыйбаңыз барбы?
*
Эгерде бар болсо, анда сиз даярдаган же сиздин катышууңуз аркылуу даярдалган басылмаларга/материалдарга шилтемелерди көрсөтүңүз
Сураныч, басылманын/ материалдын шилтемесин көрсөтүңүз
Телефон номуруңуз?
Сураныч, уюштуруучулар сиз менен байланыша ала турган актуалдуу номуруңузду көрсөтүңүз
*
Электрондук почтаңыз?
Сураныч, уюштуруучулар сиз менен байланыша ала турган актуалдуу электрондук почтаңызды көрсөтүңүз
*
Көрсөтүлгөн датада тренингте 1 күн толук кандуу катыша ала тургандыгынызды ырастайсызбы (4 сентябрда 2023, 9.00 - 17.30 чейин, Талас ш.) ?
*
Тренингтин уюштуруучуларына сиздин каалоолоруңуз жана комментарийлериңиз.
Submit
Clear form
Never submit passwords through Google Forms.
This content is neither created nor endorsed by Google. Report Abuse - Terms of Service - Privacy Policy