«Клооптун» медиамектеби Ош шаарында 15-январда башталып, 24-январга чейин уланат.
Эмнени үйрөтөбүз?
Биздин мектеп мультимедиалык журналистиканы үйрөтөт. Атап айтканда, текст жазганды, мобилдик телефондон сүрөткө тартканды, видеорепортаж даярдаганды өздөштүрүп, медиа сабаттуулук жана фактчекинг тууралуу маалымат аласыз.
Мындан сырткары сизге Instagram, Facebook жана TikTok сыяктуу соцтүйүндөргө контент жаратууну, маалыматтык карточкаларды жасаганды жана соцтүйүнгө жасалуучу контенттердин кызыктуу форматтарын үйрөтөбүз.
Ал эми «Клооптун» операторлору сизге сүрөт-видео тартып, материалдарды монтаждаганды үйрөтүшөт.
Эң маанилүүсү, бул мектепте окуунун биринчи күнүнөн тарта эле билимиңизди иш жүзүндө колдоно аласыз. Биз түрдүү идея жана сунуштарга ачыкпыз, андыктан саясий, социалдык, экономикалык жана башка көптөгөн багыттар боюнча материалдарды даярдай аласыз.
Кимдер катыша алат?
Журналистика мектебине Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарында жашаган студенттер, активисттер жана башка кызыккан адамдар катыша алат. Аймактардан келген 8 катышуучуга жатакана берилип, мектеп учурунда тамак-аш менен камсыздалат.
Мектепке катышуу үчүн ушул билдирмени толтуруңуз. Өз мотивациясын так түшүндүрө алган 15 мыкты катышуучу журналистика мектебине кабыл алынат.
Билдирмелер 3-январь саат 18:00гө чейин кабыл алынат.