СММ адиске карата талаптарБизде иштей турган адам кандай болушу керек:
шыктуу жана командалык иштин көзүн билет;
соцтармактарга уникалдуу контент жаратуу тажрыйбасы бар;
Смартфонго сапаттуу сүрөт жана видео тартканды билет, (CapCut жана башка) видеомонтаждоо программаларын билет;
Дизайнды жакшы түшүнөт, (Photoshop же Figma жана башка) дизайн программалар менен иштегенди билет;
Кыргызстандагы окуялар жөнүндө гана эмес, «Клооптун» сервистери жөнүндө дагы контент жаратканга даяр болушу керек.
Операторго карата талаптар
Бизге буларды билген адам керек:
профессионалдык техникага тартканды жана Adobe Premiere Pro’до монтаж кылганды билет. Adobe After Effect’ти билүүсү артыкчылыктуу;
кыска, бирок мазмундуу тексттерди жазганды билет. Журналисттик тажрыйбасы бар болсо андан бетер жакшы;
видеоконтент үчүн сторителлингдин мыйзамдарын түшүнөт;
студияда да, көчүп иштедегенди да жакшы билет.
Талапкерлерге дагы кандай талаптар бар?
Кыргызстандагы жанылыктар күн тартибин, айрыкча саясий процесстерди түшүнөт, ошондой эле негизги персоналарды билет;
сөзсүз кыргыз жана орус тилдерин билүүсү керек. Кошумча башка тилдерди билсе да жакшы.
Ийкемдүүлүк. «Клооп» бир эле контент жаратпастан, аны жаратканда дагы үйрөтөт. Демек бул, сиз бир заматта крейтордон тренерлик вазыйпаны дагы өздөштүрүп аласыз дегенди билдирет.
Жумуш убактысы: Аптасына беш күн, ишемби жана жекшемби — дем алыш.
Тандоо эки баскычта жүргүзүлөт. Талапкерлер маекке чакырылып, андан кийин аларда сыноо тапшырмалары берилет.