Мындан сырткары Instagram, Facebook жана TikTok сыяктуу соцтүйүндөргө контент жаратканды, маалыматтык карточкаларды жасаганды жана соцтүйүнгө ылайыктуу контенттердин кызыктуу форматтарын үйрөнөсүз.
Эң маанилүүсү, бул мектепте окуунун биринчи жумасынан тартып үйрөнгөн нерселерди иш жүзүндө колдоно аласыз. Биз түрдүү идея жана сунуштарга ачыкпыз, андыктан саясий, социалдык, экономикалык жана башка көптөгөн багыттар боюнча материалдарды даярдасаңыз болот.
Кимдер катыша алат?
Журналистика мектебине Бишкек шаары жана Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жашаган студенттер, активисттер жана башка кызыккан адамдар катыша алат. Аймактардан келген 8 катышуучуга жатакана берилип, мектеп учурунда тамак-аш менен камсыздалат.
Мектепке катышуу үчүн төмөнкү билдирмени толтуруңуз. Мектепке эмнеге катышкысы келип жатканын так түшүндүрө алган 15 мыкты катышуучу журналистика мектебине кабыл алынат.
Билдирмелер 18-февраль саат 18:00гө чейин кабыл алынат.